Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:32

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары шайланды


Солдон оңго: Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы Карим Ханжеза
Солдон оңго: Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы Карим Ханжеза

17-декабрда парламенттин жаңы, сегизинчи чакырылышынын жыйынында төрага орун басарлары да шайланды. Биринчи орун басарлыкка №1 шайлоо округунан депутат Чыңгыз Ажибаев, андан кийинки орун басарлыкка №30 шайлоо округунан Жылдыз Таалайбек кызынын жана №18 округунан Карим Ханжезанын талапкерлиги сунушталып, колдоо тапты.

Анын алдында Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ түзүлүп, парламент төрагасы болуп буга чейинки чакырылышта да спикерликти аркалаган Нурланбек Тургунбек уулу шайланган.

Ошондой эле бүгүнкү алгачкы отурумда парламенттик комитеттердин тизмеси төмөнкүдөй аталышта бекитилген:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитет;

- Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;

- Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;

- Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;

- Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитет.

Ишин жаңы баштаган 87 депутат 17-декабрдагы жыйында мандат алып, ант беришти. жалпысынан парламентте 90 мандат бар.

Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ боюнча добуш берүү кайрадан өткөрүлмөй болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG