Украина боюнча сүйлөшүү: Донбасстын тагдыры бүдөмүк
Украинадагы согушту токтотуу боюнча Берлинде өткөн эки күндүк сүйлөшүүлөрдө "олуттуу жылыш" бар. Бул тууралуу Киев менен Вашингтон 15-декабрда билдирди. Анткен менен Украинанын аймактык маселеси - тагыраагы Донбасстын тагдыры бүдөмүк бойдон калды. Вашингтон Киевге НАТОнун 5-беренесиндегидей коопсуздук үчүн кепилдик сунуштады.
Шерине