Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Иранда Нобелдин лауреаты Мохаммади "Израил менен кызматташкан" деп айыпталды


Наргиз Мохаммади
Наргиз Мохаммади

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади жана дагы 38 адам ирандык юрист жана укук коргоочу Хосрове Аликординин элесине арналган иш-чарада, 12-декабрда кармалган. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматы жазды.

Кармалгандардын бардыгы камакка алынган. Алардын арасында укук коргоочулар жана жарандык активисттер бар. Прокуратура бул адамдар “чагымчыл билдирүүлөрдү жасап”, элди “коомдук тартипти бузууга үндөгөн” деп билдирди.

Наргиз Мохаммади фондунун сайтында жазылгандай, 14-декабрда ага үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилген.

Ал кармоо учурунда жарандык кийимчен адамдар башы-көзүнө таяк менен ургулаганын, андан кийин эки жолу тез жардам бөлүмүнө жеткирилгенин айткан. Мохаммади ошондой эле кармоо маалында жана андан кийин аны “Израил өкмөтү менен кызматташкан” деп айыпташканын билдирген.

Наргиз Мохаммади Иранда өлүм жазасына жана аялдардын укуктарын чектөөгө каршы чыгып келет.

2023-жылы ага “Ирандагы аялдарды эзүүгө каршы күрөшкөнү жана адам укуктары менен эркиндикти коргогону үчүн” Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

2022-жылы ал абакта отурганына карабай, “хижабды туура эмес кийген” деген негизде кармалып, кийин каза болгон Махса Амининин соң башталган нааразылык акцияларын колдогон.

2024-жылдын январында Иран соту камакта отурган Наргиз Мохаммадиге мекенге каршы пропаганда жүргүзгөн деген иш боюнча 15 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ага чейин ал бир нече жолу соттолгон: 2016-жылы мамлекетке каршы пропаганда жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүү айыбы менен 16 жылга кесилген, 2022-жылы — мамлекетке каршы пропаганда жана Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен сегиз жылга соттолгон.

2023-жылдын августунда Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуулары үчүн ага дагы бир жыл кошулган.

2024-жылдын аягында ден соолугуна байланыштуу Наргиз Мохаммади үч жумага убактылуу бошотулган. Прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде кийин бул чечимди узарткан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG